Site icon Reporter.kg

Акылбек Жапаров Гамбургга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германиянын Гамбург шаарына жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Жумушчу сапарынын алкагында Акылбек Жапаров Кыргыз-Герман ишкерлер кеңешинин экинчи жыйынына жана «Гамбург шаарындагы Кыргызстандын экономика күнү» бизнес-форумуна катышат, ошондой эле Гамбург шаарынын Сенатынын Президенти, биринчи мэри Петер Ченчер менен жолугушмакчы.

Бизнес-форумга Кыргызстан менен Германиянын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышат. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча келишимдерге кол коюлат.

Маалымат үчүн: Кыргыз-Герман ишкерлер кеңеши 2022-жылдын март айында түзүлгөн. Ишкерлер кеңешинин төрагалары – кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров жана герман тараптан Кыргыз Республикасынын Гамбург шаарындагы ардактуу консулу Карл-Хуго Эрнст Элердинг саналат.

Ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму 2022-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында өткөн. Экинчи кеңешме 2023-жылдын 8-ноябрында Гамбург шаарында өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version