Site icon Reporter.kg

Акылбек Жапаров иш сапары менен Москвада жүрөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Москвада жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сапардын ждүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы «Сбербанк России» ачык акционердик коомунун иши менен таанышып, Сколководогу Киберкоопсуздук борборуна жана Дата-борборго барып, ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Белгилесек, кыргыз делегациясынын жумушчу сапары «Сбербанк России» ачык акционердик коому башкармалыгынын Президенти, Төрагасы Герман Грефтин чакыруусу менен уюштурулган.

Exit mobile version