Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Казакстандын Нур-Султан шаарына учуп кетти.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын алкагында бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрүү, экономикалык, аскердик жана маданий маанидеги объектилерди кыдыруу пландалууда.