Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте журналисттер үчүн маалымат жыйын өтүп жатат. Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, кеткенге да даяр экенин кошумчалады.
“Эртең менен багымдат намаз окуган киши катары айтайын, эртең эмне болоорун билбейт экенбиз, мага чейин кимдер келип, кимдер кеткен эмес. Кеткенге да, иштегенге да даярмын. Эртең менен жетиде келип онго чейин иштеп жатам. Президент Садыр Нуркожонвич менен эл өзүнүн баасын берет го деп жатам. Экономикада “сыйкырдуу таякча” жок да, экономикага жок дегенде туруктуу 3 жыл убакыт керек”— деди.