Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коомдук башталыштагы бардык жардамчы, кеңешчилерин иштен бошотту. Ал тиешелүү буйрукка кол койгонун өкмөттөн маалымдашты.
Мындай чечим президенттик администрацияны реформалоо жана башкаруу системасын жакшыртуунун алкагында кабыл алынган.
Эске салсак, 5-сентябрда президент Садыр Жапаров да коомдук башталыштагы жардамчылары менен кеңешчилерин бошоткон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз