Site icon Reporter.kg

Акылбек Жапаров: Коррупцияга каршы күрөш жыйынтык бербей жатат

Коррупцияга каршы күрөш жыйынтык бербей жатат. Бул тууралуу бүгүн Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешмеде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынганы менен маселени чечүүдө жылыш жок экенин моюнга алды.

«Коррупция өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына терс таасирин тийгизүүдө. Эки жыл ичинде мамлекеттик кызматкерлерге карата 16 миң 639 кылмыш иши козголсо, анын 12 миңи кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен козголгон. Көрсө, күн сайын мамлекеттик кызматкерлер тарабынан алты-жети кылмыш болот экен», — дейт Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров контрабанданы экономиканын дагы бир оорусу деп атады.

Exit mobile version