Site icon Reporter.kg

Акылбек Жапаров Кумтөрдөн эки жылда канча алтын чогулганын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде Кыргызстандын менчигине өткөн Кумтөрдөн канча алтын өндүрүлгөнү боюнча айтты.

Анын айтымында, Кумтөрдүн алтыны кыргыз мамлекетинин пайдасына иштейт деп айтылганда айрым депутаттар бул эч качан ишке ашпай тургандыгын айтышкан.

«2021-жылы президентибиз Кумтөрдү алдык, мындан ары Кумтөрдүн алтыны кыргыз мамлекетинин пайдасына иштейт» деп жар салганда, айрым сабаттуу депутаттар: «Бул эч качан ишке ашпайт. Эл аралык соттон утулабыз. Миллиарддаган долларга жыгылабыз. Сабатсыздар Кумтөрдү мыйзамсыз алды. Ит эле болобуз» деп кыйкырып чыккан. Ит болбой эле алып койдук. Ошондон бери «Кумтөрдүн» алтыны чогулуп жатат. Бүгүн 45 тонна алтын, 8 тонна күмүш чогулду. Мен 90-чу жылдардан бери саясатта жүрөм. Бирок буга чейин мындай жемиштүү иш болгон эмес. Эки жылда эле 45 тонна алтын, 8 тонна күмүш чогулта алдык. Азыр Улуттук банкта жатат», — деп билдирди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле, ал кечээ жакында депутаттарды Кумтөргө алып барып, көрсөтүп чыкканын белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version