Site icon Reporter.kg

Акылбек Жапаров “Кымыз Фест – 2024” фестивалына барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтүп жаткан “Кымыз Фест – 2024” этникалык фестивалына барды.

Минкаб башчысы айыл чарба жетишкендиктери, кол өнөрчүлүк жана кымыздын түрлөрүнө арналган көргөзмө-жарманке менен таанышты.

Акылбек Жапаров этнофестивалдын ачылыш аземинде сөз сүйлөп, мамлекет башчысынын “Улуттук каада-салт жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында улуттук тамак-ашты, улуттук тамак-аштын түрлөрүн, улуттук кийимдер, музыкалык аспаптар, кыргыз элинин жана Кыргызстандын элинин улуттук оюндары сактоо жана өнүктүрүү каралган атайын программа түзүлгөнүн белгиледи.

«Кымыз – бул оригиналдуу улуттук даам. Кыргыз элинин тарыхын кымыздын тарыхынан бөлүп кароого болбойт. Кымыз майрамы биримдикке, ынтымакка, улуттук каада-салтты сактоого чакырат. Мындай фестивалдарды өлкөбүздүн башка аймактарында да өткөрүү маанилүү”, — деди Акылбек Жапаров.

Андан ары театралдаштырылган оюн зоок тартууланды.

Өткөн жылы этнофестивалга 5 миңден ашык коноктор келген. Быйыл 10 тоннага жакын кымыз алып келүү пландалып, 10 миңден ашык адамдын катышуусу күтүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version