Site icon Reporter.kg

Акылбек Жапаров Кытайдын премьери менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Исламабадда Кытайдын Мамлекеттин кеңешинин премьери Ли Цян менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуусу талкууланган. Акылбек Жапаровдун айтымында, былтыр эки өлкөнүн өз ара соода-сатыгы дээрлик 20 млрд долларга жеткен.

Жапаров Кыргызстанда Кытайдын банктарынын бөлүмдөрүн ачуу, мамлекеттик баалуу кагаздарды Кытайдын валютасында чыгарууга көмөктөшүү сунуштарын айткан.

Ошондой эле тараптар кен байлыктарды иштетүү, энергетика, айыл чарба продукциясын экспорттоо, маданий-гуманитардык байланыш, туризм жаатындагы кызматташууну талкуулашкан.

Эскерте кетсек, Жапаров Пакистандын борбору Исламабадга ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн барган.

Exit mobile version