Министерлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аткаминерлерге тойго барууга тыюу салды. Ал бул тууралуу бүгүн президенттик администрациянын коллегиясында билдирди.
Ал президенттин ысырапкорчулукту жоюу боюнча буйругун эскертип өттү.
«Ысырапкорчулук бар жерге барбагыла. Тойго президент дагы барбайт, мен дагы барбайм. Сиздер элге үлгү болушуңар керек», — деди ал.