Site icon Reporter.kg

Акылбек Жапаров Москвага иш сапары менен кетти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарына жумушчу сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалды.

Сапардын жүрүшүндө Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушуу өткөрүүсү пландаштырылууда, анда эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелери талкууланмакчы.

Белгилесек, сапар тууралуу макулдашуу үстүбүздөгү жылдын 18-19-ноябрында Ереванда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында өткөн Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жетишилген.

Exit mobile version