Site icon Reporter.kg

Акылбек Жапаров президент экөө күнүнө канча саат иштерин айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарын иретке келтирип, курулуш, бизнес жана башка тармактарды тартипке салууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн мэриянын коллегиясында билдирди.

Ал Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу өкмөт калаадагы турак жай жетишсиздигин чечип жатканын белгиледи.

“Сиздер дагы жанталашып иштесеңиздер.  Мына президент баш болуп, мен төш болуп эрте менен саат 8.00дө келип, 21.00-22.00дө кетебиз. Бишкек шаарын борбор дейбиз дагы башкалардан эч нерсе менен айырмаланбайбыз. Мэр өзгөчө тартип киргизиши керек”, — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version