Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге эскертүү берди. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Бейшеналиевге эскертүү милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн берилген.
Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдын октябрь айынан бери саламаттык сактоо министри кызматында. Ал коомчулукта “уу коргошун” эксперменти менен таанымал.