Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте журналисттер үчүн маалымат жыйын өтүп жатат. Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, криптовалютага өтүүнү байкап жатканын кошумчалады.
“Санарип акчага иш жүзүнө ашырсакпы деп жатабыз. Криптовалютага көз салып жатабыз. Балдар, неберелер алек болуп жүрүшөт. Бирок, ага өтө кызыктар болуп киришкен жокпуз. Пилоттук долбоорду даярдап бүттүк”— деди Жапаров.