Мындан ары биз жыл сайын 100 өнөр жай объектисин ишке берип турабыз. Бул тууралуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров Экономика министрлигинин 100 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылы өлкөнүн тышкы соода-сатыгы дээрлик 5,4 млрд долларды түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өскөн.
«Биз өзүбүздүн ишибизди ушундай түзө алдык, өткөн жылы өлкөнүн ИДПсы 1,2 триллион сомдон ашса, быйыл ИДПнын көрсөткүчтөрү 1,5 триллион сомго жетет. 3 жылдын ичинде биз өлкөнүн бюджетин 3 эсеге көбөйтө алдык», — деди ал.
Ал 2030-жылга чейин Кыргызстандын ИДПсы 30 млрд долларга жетиши керектигин билдирди.