Ысык-Ата районунун Интернационал айылында парламенттин депутаты Акылбек Жапаровдун бакча үйү күйүп кетти. Бул маалыматты райондун акими Байыш Курманов 24.kg агенттигине тастыктады.
Анын айтымында, өрт 5-октябрда болгон.
«Үй кичинекей, бакчада болчу. Аны ким өрттөгөнү белгисиз », — деди Байыш Курманов.