Site icon Reporter.kg

«Акылман» лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө артыкчылыктарды берген мыйзам кабыл алынды

Өлкө башчы Садыр Жапаров «Акылман» президенттик лицейинир бүтүрүүчүлөрүнө чет өлкөгө мамлекеттин эсебинен окууга, мамлекеттик кызматтардын кадрлар резервине конкурсу жок алынууга укук берген мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзам Кыргызстанда интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу жана өлкө үчүн жаңы муундагы адистерди даярдоо үчүн президенттик “Акылман” лицейинин, “Эл үмүтү” президенттик программасынын бүтүрүүчүлөрүнөн, ошондой эле өзгөчө статусу бар ЖОЖдорду артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөрдөн чыккан таланттуу жаштарды мындан ары да колдоо максатында кабыл алынганы айтылды.

Мыйзамга ылайык:

Белгиленген бүтүрүүчүлөрдүн ичинен кадрлар резервинде турган талапкерлер мамлекеттик жарандык кызматтын же муниципалдык кызматтын кенже, улук жана башкы кызмат орундарына артыкчылыктуу тартипте дайындалат.

Ошону менен бирге, “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү менен мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик мекемелерде, уюмдарда же ишканаларда белгилүү бир мөөнөткө иштеп берүү келишими түзүлөт. Эгерде келишимдин шарттары бузулса, бүтүрүүчү окууга кеткен чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү болот.

Exit mobile version