Site icon Reporter.kg

«Акылман» президенттик лицейине окуу үчүн конкурстук тандоо жарыяланды

2025-2026-окуу жылына кабыл алуу үчүн «Акылман» президенттик лицейи конкурстук тандоону жарыялады. Конкурстук тандоого Кыргызстандын ар бир мектебинде окуп жаткан 6-класстын окуучулары катыша алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Конкурстук тандоо 3 этаптан турат. 1-2-этаптарында математика, логика, кыргыз тили, орус тили жана тарых сабактарынан онлайн тест ташыруу, ал эми 3-этапта жеринде математика, логика, кыргыз тили жана англис тили сабактарынан оффлайн тест тапшыруу болот.

1-2-этаптагы онлайн тест тапшырууга катышуу үчүн test.akylman.edu.kg cайтына катталуу керек. Катталуу 2025-жылдын 1-апрелинен баштап, 14-апрелге чейин уланат.

1-тур 18-19-апрель күндөрү онлайн форматта, 2-тур 23-24-апрель күндөрү онлайн форматта, ал эми 3-тур 1-майдан 8-майга ар бир облуста жеринде өткөрүлөт.

Жыйынтыгында, 3 этаптын баарынан тең ийгиликтүү өткөн эң алдыңкы 72 окуучу лицейге 7-класска кабыл алынат.

Конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү талаптарга ылайыктуу болушу керек:

1) Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында азыркы учурда 6-класста окуусу;

2) Кыргыз Республикасынын жараны болуусу;

3) “Жакшы”, “эң жакшы” деген баага окуусу, башкача айтканда, ударник же отличник болуусу.

Министрлик “Акылман” президенттик лицейине өткөн окуучулар 100% мамлекет тарабынан камсыздалынарын, андыктан окутуу акысыз болорун билдирди. Ошондой лицейде окутуу кыргыз жана англис тилдеринде жүргүзүлөрү, мындан улам, орус тилдүү класстар жок экенин кабарланды.

Конкурстук тандоо тууралуу толук маалыматты @akylman.presidential_school инстаграм баракчасынан,  @“Акылман” Кабыл алуу — 2025” телеграм каналынан ала аласыздар.

 

Exit mobile version