Акын Зайырбек Ажыматов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Акын Зайырбек Ажыматов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Акын, журналист Зайырбек Ажыматов 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Маалыматты анын кесиптештери тастыктады.

Зайырбек Ажыматов, 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

«Жалгыздык» (1996-жыл), «Мелмил» (2005-жыл), «Нөлү көп жылдар» (2011-жыл) «Жүрөктөгү бороон» (2019-жыл) ыр жыйнактарынын автору.

Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», Бишкек таймс» гезитеринде КТРКнын радио тармагында иштеген. Учурда «Жаңы Агым» гезитинде эмгектенген.

2014-жылдан тартып  «Азаттык» радиосунда  кабарчы болуп иштеп жаткан.

Акын 2019-жылдын 30-декабрында президент Сооронбай Жээнбековдун колунан «КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» наамын алган.

Reporter.kg  маалымат агенттигинин эмгек жамааты  Зайырбек Ажыматовдун  үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>