Site icon Reporter.kg

Акын-жазуучуларга “Алтын калем” сыйлыгы ыйгарылды

Бүгүн, 12-декабрда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык театрында Улуттук адабият күнүнө карата Республикалык “Алтын калем” сыйлыгын ыйгаруу аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө жыл сайын уюштурулуп келген Республикалык “Алтын калем” адабий сыйлыгынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Сынактын негизинде ыйгарылган сыйлыкка драма жанры боюнча 8 автор, поэзия жанры боюнча 29 автор, проза жанры боюнча 19 автор чыгармалары менен катышкан.

Калыстар тобунун чечими менен жазуучу Абдыкерим Муратов, драматург Алтынай Темирова, акын Нарсулуу Гургубаевалар “Алтын калем” сыйлыгынын лауреаты болушту. Жеңүүчүлөргө диплом, статуэтка жана 100 000 (жүз миң) сом байгенин сертификаттары тапшырылды.

Майрамдык салтанат Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалган программа менен коштолуп, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карыткан бир күн” романынын негизинде даярдалган спектакли көрүүчүлөргө тартууланды.

Эске салсак, 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата буга чейин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу биргеликте акын- жазуучулар арасында “Алтын калем” сыйлыгын уюштурган.

Аталган сыйлык былтыр да өз ээлерин таап, калыстар тобунун чечими менен айрым чыгармачыл инсандарга ыйгарылган.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков катышып, акын-жазуучуларды майрамы менен куттукташты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version