Акыркы үч айда өлкө аймагы боюнча 683 окуучудан илдет аныкталган

Акыркы үч айда өлкө аймагы боюнча 683 окуучудан илдет аныкталган

Саламаттык сактоо министрлигинин 2020-жылдын 1-декабрындагы маалыматы боюнча, акыркы үч айда 7 жаштан 17 жашка чейинки мектеп жашындагы балдар арасында 683 коронавирус (U07,1 жана U07,2) учурлары катталган. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Салыштыруу үчүн, сентябрь айында республикада 48, октябрда — 315, ноябрда — 320 учур катталган.

Оорулардын көпчүлүгү Бишкек шаарында катталса, октябрь айында 83 учур, ноябрда – 143 учур катталган. Саны боюнча эң көп катталгандар кийинки орунда Чүй жана Ысык-Көл облустары турат. Баарынан аз катталган Нарында.

Ноябрь айындагы маалыматтар:

Бишкек — 143

Баткен — 32

Ош — 4

Ош областы — 9

Жалал-Абад облусу — 31

Талас областы — 8

Ысык-Көл облусу — 39

Нарын облусу — 0

Чүй облусу — 54.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>