Үстүбүздөгү жылдын январь-март айында Кыргызстандан 8 млн 812 миң 800 даана жумурутка Казакстанга экспорттолгон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 8 млн 756 миң 200 даанага көп. Министрлик өлкө боюнча эң жогорку продуктивдүү тооктор Чүй облусунун чарбаларында өстүрүлөрүн билдирди.
Быйыл Кыргызстанга коңшулаш өлкөлөрдөн жумуртка импорттолгон эмес.