Site icon Reporter.kg

Акыркы эки жылда перинаталдык өлүм көбөйдү

Коронавирус төрөткө терс таасирин тийгизет. Акыркы 2 жылда перинаталдык өлүм көбөйдү. Ошондой эле түйүлдүктүн өсүшүнө да кедергисин тийгизет.

Эмбриондо ар кандай патологиялар пайда болгону байкалууда.

COVID-19 демографияга кандай таасир этет? Бойдон түшүү, түйүлдүктүн өспөй калуусу.

Акушер-гинеколог Айнура Өмүрбекованын айтымында, мындай жагдайлар 2 жылдан бери көп катталууда.

«Өзгөчө түйүлдүктүн жетилбей калган учуру кездешип жатат. Эненин ден соолугу жакшы болсо да түйүлдүктүн өсүүсүнүн начарлашы баарыбыз үчүн түшүнүксүз. Төрөт учурунда жана төрөттөн кийин дагы энелер ковиддин кесепетин тартууда».

COVID-19дан айыккандан кийин кош бойлуулукту пландаштыруу керек.

Вакцина алгандан кийин кош бойлуулукту пландаса болот.

Exit mobile version