Site icon Reporter.kg

Акыркы суткада өлкө аймагында илдет 147 адамдан аныкталды, 118 адам сакайды

Акыркы суткада өлкө аймагында илдет 147 адамдан аныкталды. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 19, Ош – 13, Чүй облусу – 10, Ош облусу – 34, Талас облусу – 2, Ысык-Көл облусу – 11, Жалал-Абад облусу – 41, Баткен облусу – 17.

Буга чейин Кыргызстанда жалпы 46 миң 669 адамга вирус жуккан, анын 42 миң 879у айыкты.

Ал эми илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1 миң 64 адам.

Exit mobile version