Site icon Reporter.kg

Акыркы суткада өлкө аймагында коменданттык сааттын эрежесин бузган 61 жаран кармалды

Бүгүн, 26-апрелде өлкө аймагында коменданттык сааттын эрежесин бузган 61 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо коменданттык саат  учурунда ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 61 жаран жеткирилип, 34 автоунаа атайын жайларга токтотулду.

Бишкек шаары боюнча — 47;
Ош шаары боюнча — 4;
Сузак району — 6;
Ат-Башы району — 4.

Белгилей кетсек, өзгөчө абал киргизилгенден бери жалпы 3502 жаран коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн кармалды.

Exit mobile version