Site icon Reporter.kg

Акыркы суткада өлкө аймагы боюнча илдеттен 781 бейтап айыкты

Бир сутка ичинде илдеттен 781 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Маалыматка ылайык,  эсепке COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар менен пневмония кошо көрсөтүлгөн.

Ооруканадан сакайып чыккандар төмөнкү аймактардан: Бишкек – 273;
Чүй облусу – 71;
Ош облусу – 251;
Талас облусу – 30;
Нарын облусу – 25;
Ысык-Көл облусу – 29;
Жалал-Абад облусу – 40;
Баткен облусу – 15;
Ош шаары – 47.

Бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында жалпы айыккан жарандардын саны 13 миң 109.

Exit mobile version