Бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда штабдан маалымдашты.
Коронавирус жуктурган медкызматкерлер Бишкек шарынан 9, Ош шаарынан 1. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 18 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 419 учур катталды, алардын ичинен 312 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.