Акыркы суткада өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталды

Акыркы суткада өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталды

Сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Өрт кырсыгы катталган аймактар: Бишкек 2, Ош шаары 2, Ош облусу 1, Чүй облусу 3, Жалал-Абад 2, Баткен облусу 1.

Өрт кырсыгы көбүнчө автоунаалардан чыккан. Мындан тышкары турак үйлөрдөн чыккан өрттүн себеби такталып, анда электр чубалгыларын туура эмес колдонгондон чыкканы аныкталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>