Site icon Reporter.kg

Акыркы суткада өлкө аймагында 22 медиктен коронавирус тастыкталды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда штабдан маалымдашты.

Илдетти жуктуруп алган медиктер: Бишкек ш. – 12, Чүй облусунда – 3, Ош ш. – 5, Ош облусунда – 2. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 13 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 460 учур катталды, алардын ичинен 354 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Exit mobile version