Site icon Reporter.kg

Акыркы суткада 107 адамдан илдет аныкталды, эки киши каза болду

Акыркы суткада 107 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Бир сутка ичинде COVID-19  жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 82, Ош – 0, Чүй облусу – 8, Ош облусу – 2, Талас облусу – 0, Нарын облусу – 0, Ысык-Көл облусу – 10, Жалал-Абад облусу – 1, Баткен облусу – 4.

Өлкө аймагында буга чейин илдетти жуктургандардын жалпы саны 82 миң 380ге жетти, анын 78 миң 3ү сакайды.

Ал эми соңку суткада вирустан 2 ада каза болду, бүгүнкү күндү кошо эсепке алганда республика боюнча 1 миң 371 киши коронавирустун курмандыгы болду.

Exit mobile version