Site icon Reporter.kg

Акыркы суткада 14 медиктен коронавирус аныкталды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда штабдан маалымдашты.

Илдетти жуктуруп алган медкызматкерлер: Бишкек ш. – 5;
Чүй облусунда – 2;
Ош ш. – 4;
Нарын облусунда – 2;
Жалал-Абад облусунда – 1;

Ал эми стационарлардан сутка ичинде 6 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 509 учур катталды, алардын ичинен 373 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Exit mobile version