Site icon Reporter.kg

Акыркы суткада 144 адамдан илдет аныкталды

Акыркы суткада 144 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 60, Ош – 5, Чүй облусу – 30, Ош облусу – 10, Талас облусу – 1, Нарын облусу – 3, Ысык-Көл облусу – 22, Жалал-Абад облусу – 11, Баткен облусу – 2.

Өлкө аймагында буга чейин жалпы 81 миң 656 адамга илдет жуккан, анын 77 миң 170и сакайды.

Ал эми соңку суткада бир адам вирустан көз жумду. Бүгүнкү күнгө чейин 1 миң 361и коронавирустун курмандыгы болду.

Exit mobile version