Акыркы суткада 162 адамдан илдет аныкталды, экөө каза болду
reporter.kg
Акыркы суткада 162 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.
Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 46, Ош – 11, Чүй облусу – 72, Ош облусу – 2, Талас облусу – 1, Нарын облусу – 2, Ысык-Көл облусу – 24, Жалал-Абад облусу – 2, Баткен облусу – 2.
Өлкө аймагында жалпы 83 миң 430 адамга илдет жукту, анын 79 миң 373ү сакайды.
Ал эми соңку суткада вирустан 2 адам каза болду, бүгүнкү күндү кошо эсепке алганда 1 миң 392 киши коронавирустун курмандыгы болду.