Site icon Reporter.kg

Акыркы суткада 165 адамдан илдет аныкталып, бирөө көз жумду

Акыркы суткада 165 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.

Бир сутка ичинде COVID-19  жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 77, Ош – 0, Чүй облусу – 21, Ош облусу – 16, Талас облусу – 3, Нарын облусу – 5, Ысык-Көл облусу – 24, Жалал-Абад облусу – 17, Баткен облусу – 2.

Өлкө аймагында бүгүнкү күндү кошо алганда вирус жалпы 81 миң 991 кишиге жуккан, анын 77 миң 547си сакайды.

Ал эми соңку суткада бир адам коронавирустан каза болду, буга чейин жалпы 1 миң 365 жаран илдеттен көз жумду.

Exit mobile version