Site icon Reporter.kg

Акыркы суткада 18 өрт кырсыгы катталды

Сутка ичинде республиканын аймагында 18 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 19 бөлүм тартылган. Бул Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун маалыматына ылайык, Бишкек шаарында — 3, Чүй облусунда — 2, Талас облусунда — 1, Ош облусунда — 4, Жалал-Абад облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 5 өрт кырсыгы катталган.

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон.

Exit mobile version