Акыркы суткада 2 киши илдеттен көз жумду

Акыркы суткада 2 киши илдеттен көз жумду

Акыркы суткада илдет 135 адамдан аныкталды. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 68, Ош – 0, Чүй облусу – 22, Ош облусу – 8, Талас облусу – 4, Нарын облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 21, Жалал-Абад облусу – 6, Баткен облусу – 5.

Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 82 миң 273 киши коронавируска чалдыккан, анын 77 миң 902си сакайды.

Ал эми соңку суткада 2 адам илдеттен каза болду, бүгүнкү күндү кошо эсепке алганда өлкө аймагында вирустан көз жумгандардын жалпы саны 1 миң 369га жетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>