Акыркы суткада 70 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан маалымдашты.
Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 37, Ош – 1, Чүй облусу – 4, Ош облусу – 4, Талас облусу – 3, Нарын облусу – 4, Ысык-Көл облусу – 11, Жалал-Абад облусу – 4, Баткен облусу – 2.
Өлкө аймагында жалпы 85 миң 398 адамга илдет жуккан, анын 82 миң 98и сакайды.
Ал эми соңку суткада 2 адам вирустан көз жумду, бүгүнкү күндү кошо алганда республика боюнча жалпы 1 миң 439 киши коронавирустун курмандыгы болду.