Акыркы суткада 22 медиктин анализинен коронавирус табылды

Акыркы суткада 22 медиктин анализинен коронавирус табылды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, илдетти жуктуруп алган медиктер төмөнкү аймактарда:

Бишкек шаары – 11;
Чүй облусу – 9;
Ош шаары – 2.

Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 604 учур катталды, алардын ичинен 389 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>