Site icon Reporter.kg

Акыркы суткада 236 адамдан илдет аныкталып, төрт киши көз жумду

Акыркы суткада 236 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 51, Ош – 6, Чүй облусу – 82, Ош облусу – 9, Талас облусу – 6, Нарын облусу – 5, Ысык-Көл облусу – 47, Жалал-Абад облусу – 24, Баткен облусу – 6.

Бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 77 миң 910 адамга коронавирус жуккан, анын 70 миң 867сы сакайды.

Ал эми соңку суткада 4 адам вирустан каза болду, буга чейин республика боюнча жалпы 1 миң 316 киши көз жумган.

Exit mobile version