Өткөн сутка ичинде 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз-Турк ооруканасынан – 1 (аял киши, 1952 жылкы), Талас аймактык ооруканасынан – 1 (1952 жылкы, эркек), Ноокен аймактык ооруканасынан – 1 (аял киши, 1960 жылкы) көз жумду.
Жалпы каза болгондордун саны 40 кишини түздү.