Site icon Reporter.kg

Акыркы суткада 4 адам илдеттен каза болду

Акыркы суткада өлкө аймагында 456 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар аймактар боюнча: Бишкек — 110, Ош — 10, Чүй облусу – 101,Ош облусу — 34, Талас облусу — 24, Нарын облусу — 8, Ысык-Көл облусу – 37, Жалал-Абад облусу – 102, Баткен облусу — 30.

Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 72427 адамдан коронавирус аныкталды, анын 63789у сакайды.

Ал эми соңку суткада төрт адам вирустан каза болду. Өлкө аймагында жалпы 1266 киши илдеттен көз жумду.

Exit mobile version