Кыргызстанда COVID-19 оорусунун күнүнө 447 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек -200
Ош — 16
Чүй облусу — 86
Ош облусу — 25
Талас облусу — 20
Нарын облусу — 5
Ысык-Көл облусу — 49
Жалал-Абад облусу — 29
Баткен облусу — 17.
Жалпысынан март айынан бери республикада COVID-19 оорусунун 69 миң 149 учуру аныкталды, анын 60 миң 294 сакайды .
Бир күн ичинде 505 адам ооруканадан чыгарылды: Бишкек — 103
Ош — 24
Чүй облусу — 113
Ош облусу — 55
Талас облусу — 15
Нарын облусу — 4
Ысык-Көл облусу — 59
Жалал-Абад облусу — 53
Баткен облусу — 79.
Өлкөнүн ооруканаларында соңку суткада төрт адам көз жумган: Бишкек шаарында — 3, Талас облусунда — 1.