Site icon Reporter.kg

Акыркы суткада 6 медкызматкерден коронавирус аныкталды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда штабдан маалымдашты.

Айыгып чыккандар: Бишкек ш. – 2, Ош ш. – 1, Нарын облусунда – 3.

Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 378 учур катталды, алардын ичинен 272 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Exit mobile version