Site icon Reporter.kg

Акыркы суткада 71 адамдан илдет аныкталды, бир адам каза болду

Акыркы суткада 71 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 33, Ош – 2, Чүй облусу – 27, Ош облусу – 2,Талас облусу – 0, Нарын облусу – 2, Ысык-Көл облусу – 3, Жалал-Абад облусу – 1, Баткен облусу – 1.

Өлкө аймагында жалпы 83 миң 971 адамга коронавирус жукту, анын 80 миң 25и сакайды.

Соңку суткада бир адам илдеттен каза болду, бүгүнкү күндү кошо эсепке алганда жалпы 1 миң 401 киши коронавирустун курмандыгы болду.

Exit mobile version