Site icon Reporter.kg

Акыркы суткада 88 адамдан илдет аныкталды, экөө каза болду

Акыркы суткада 88 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча:

Бишкек – 33, Ош – 2, Чүй облусу – 28, Ош облусу – 8, Талас облусу – 2, Нарын облусу – 3, Ысык-Көл облусу – 10, Жалал-Абад облусу – 2, Баткен облусу – 0.

Өлкө аймагында жалпы 84 миң 920 кишиге коронавирус жуккан, анын 81 миң 444ү сакайды.

Ал эми соңку суткада вирустан 2 адам каза болду. Бүгүнкү күндү кошо эсепке алганда жалпы 1 миң 420 киши коронавирустун курмандыгы болду.

Exit mobile version