Site icon Reporter.kg

Акыркы суткада 92 адамдан илдет аныкталды, бирөө каза болду

Акыркы суткада 92 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 51, Ош – 9, Чүй облусу – 10, Ош облусу – 5, Талас облусу – 0, Нарын облусу – 3, Ысык-Көл облусу – 3, Жалал-Абад облусу – 10, Баткен облусу – 1.

Республика боюнча жалпы 82 миң 587 адамга коронавирус жуккан, анын  78 миң 358и сакайды.

Ал эми соңку суткада бир киши илдеттен каза болду, бүгүнкү күндү эсепке алганда жалпы 1 миң 375 адам коронавирустун курмандыгы болду.

Exit mobile version