Site icon Reporter.kg

Акыркы суткада илдеттен 2 адам каза болду

Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония оорусу 211 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Коронавирус жана пневмонияны жуктургандар аймактар боюнча:

Бишкек — 64, Ош — 6, Чүй облусу – 56, Ош облусу — 12, Талас облусу — 3, Нарын облусу — 4, Ысык-Көл облусу – 50, Жалал-Абад облусу – 10, Баткен облусу — 6.

Бул көрсөткүч менен өлкөдө коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 79 миң 122ге жетти.

Ал эми илдеттен сакайып чыккандардын жалпы саны 72 миң 780 болду.

Бүгүн вирустан 2 киши каза болду, жалпы 1 миң 330га жетти.

Exit mobile version