Site icon Reporter.kg

Акыркы суткада илдеттен 4 киши каза болуп, 547 адамдан тастыкталды

Акыркы суткада Кыргызстандын аймагында 547 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 123, Ош – 52, Чүй облусу – 76, Ош облусу – 85, Талас облусу – 15, Нарын облусу – 4, Ысык-Көл облусу – 23, Жалал-Абад облусу – 79, Баткен облусу – 90.

Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 54 миң 6 адамга вирус жуккан, анын 46 миң 726сы сакайды.

Ал эми соңку суткада 4 адам илдеттен каза болду. Пандемия башталгандан бери кронавирус жана пневмониядан көз жумгандардын жалпы саны 1 миң 122ге жетти.

Exit mobile version