Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен 6 бейтап көз жумганын 10-августта республикалык штабдын маалымат борбору кабарлады.
Маалыматка караганда кайтыш болгондордун көбү Бишкек шаарында катталган – үч адам, ал эми Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен облустарында бирден адам каза болгон.
Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча вирус жуктуруп каза болгондордун саны 1 474 адамга жетти.