Site icon Reporter.kg

Акыркы суткада коронавирустан 6 бейтап көз жумду

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен 6 бейтап көз жумганын 10-августта республикалык штабдын маалымат борбору кабарлады.

Маалыматка караганда кайтыш болгондордун көбү Бишкек шаарында катталган – үч адам, ал эми Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен облустарында бирден адам каза болгон.

Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча вирус жуктуруп каза болгондордун саны 1 474 адамга жетти.

Exit mobile version